НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2018-жылдын 3-февралы № X-10
«Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине №1 (жилдом) буу казандарын оңдоп-түзөө үчүн 249 068 (эки жүз кырк тогуз мин алтымыш сегиз) сом Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |