Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3- февралы № X-12
“Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин ЖЧК Азимут ишканасынан болгон кредитордук карызына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин ЖЧК Азимут ишканасынан болгон кредитордук карызына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин ЖЧК Азимут ишканасынан болгон кредитордук карызына Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 11 600 (он бир миң алты жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |