Редакцияот 03.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2018-жылдын 3-февралы № X-13

«Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорулатуу максатында шаардын Кара-Турпак көчөсүнүн калган бөлүгүн асфальттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»

Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорулатуу максатында шаардын Кара-Турпак көчөсүнүн калган бөлүгүн асфальттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорулатуу максатында шаардын Кара-Турпак көчөсүнүн калган бөлүгүн асфальттоого Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 209 870 (эки жүз тогуз миң сегиз жүз жетимиш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров