Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-февралы № X-14
“Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылга карата ишканалардан болгон кредитордук карызына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылга карата ишканалардан болгон кредитордук карызына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылга карата ишканалардан болгон кредитордук карызына төмөндөгүлөргө:
-Ноокат Сууканалдары ишканасына 17800 (он жети миң сегиз жүз) сом;
-ЖЧК Байгелди строй ишканасына 83 000 (сексен үч миң) сом;
-А. Абдуллаев атындагы орто мектебинин сууга болгон карызы үчүн 90 100 (токсон миң бир жүз) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |