Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-17
“Ноокат шаарынын аймагындагы дарыя жана каналдарды акыр-чикирлерден тазалап, топурак менен толтуруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагындагы дарыя жана каналдарын акыр-чикирлерден тазалап, турпак менен толтуруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы дарыя жана каналдарын акыр-чикирлерден тазалап, турпак менен толтуруу үчүн 150 000 (бир жүз элүү миё) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебиненАО ”Ноокат коммунальщик” ишканасына ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |