Редакцияот 03.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2018-жылдын 3-февралы № Х-18

«Таштанды таштоочу жайга баруучу ички жолду оңдоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»

Күз-кыш мезгилдеринде таштанды таштоочу жайга баруучу ички жолду оёдоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Күз-кыш мезгилинде таштанды таштоочу жайга баруучу ички жолду оңдоп-түзөп, шлаг жаткызуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен АО ”Ноокат коммунальщик” ишканасына ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров