Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-19
“Ноокат шаарынын аймагындагы акыр-чикир таштоочу жайларга видео көзөмөл орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагындагы акыр-чикирлерди таштоочу жайларга башка айыл аймактардан таштандыларды жана курулуш таштандыларын таштап кетүүсүнө байланыштүү акыр-чикир таштоочу жайларга видео көзөмөл орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы акыр-чикир таштоочу жайларга видео көзөмөл орнотуу үчүн 80 000 (сексен миё) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |