Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № Х-23
“2018-жылдын 1-январына карата каралган атайын акча каражаттан (спец.счет) калган калдыктарын ажыратып берүү жөнүндө”
2018-жылдын 1-январына карата 697 069 ( алты жүз токсон жети миң алтымыш тогуз ) сом каралган атайын акча каражаттан (спец.счет) калган калдыктарды ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата 697 069 (алты жүз токсон жети миң алтымыш тогуз) сом каралган атайын акча каражаттан (спец.счет) калган калдыктарды шаардык кеңештин бюджетинен шаардын аймагындагы балдар бакчаларына төмөнкүчө ажыратылып берилсин:
“Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасына: - 2217 медикамент - 71 000 ( жетиз миң бир жүз) сом,
- 3112 эмерекке - 30 600 (отуз миң алты жүз) сом,
“Кара-Турпак” балдар бакчасына:
-3112 эмерекке – 29700 (жыйырма тогуз миң жети жүз) сом,
- 2221 ондоп-түзөө үчүн - 78 300 (жетимиш сегиз миң үч жүз) сом
“Балапан” балдар бакчасына:
-3112 эмерекке-150 000 ( бир жүз элүү миң) сом,
-2222-чыгашаларга-140 000 ( бир жүз кырк миң) сом,
- «У.Салиева» атындагы балдар бакчасына:
-2221 ондоп түзөө үчүн -204 400 (эки жүз төрт миң төрт жүз) сом,
-2215 чыгашалар -56 969 ( элүү алты миң тогуз жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |