Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 35
Жаңырык айылындагы Кызыл-Чимген жайытына мал суу ичуучу жай курууга 0,05га жер бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылынын элдеринин малдарына Кызыл-Чимген жайытында мал суу ичүүчү жай куруу боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Нуридинов даярдаган билдирүүнү угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылынын элдеринин малдарына Кызыл-Чимген жайытында мал суу ичүүчү жай куруу үчүн 0,05га жер ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |