Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-24
“Ноокат шаар мэриясынын залын ондоп-түзөөгө жана отургучтарды сатып алууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын залын ондоп-түзөөгө жана отургучтарды сатып алууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Ноокат шаар мэриясынын залын ондоп-түзөөгө жана отургучтарды сатып алууга 200 000 (эки жүз мин)сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |