ТоктомКүчүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы № 35 «Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга аткарылышы жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

 

2018-жылдын 2-февралы № 35                         

“Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга аткарылышы жөнүндө”

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы суммасынын (республикадан алынуучу теңдөөчү гранты, Республикалык бюджеттен келген каражатты кошуп эсептегенде) 2017 жылга аткарылышы 11715.1 миӊ сомго бекитилсин.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга аткарылышы 4365,6 миӊ сомго бекитилсин.

3.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетунун аткарылышын (Спец фонддон) каражатты кошкондо 1121,9 миӊ сомго бекитилсин.

4.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын иши канаттандырарлык деп табылсын .

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

6.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

7.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

     

Төрага

Э. Сагынбеков