ТоктомКүчүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы № 39 «Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы «Өнүгүү-Башаты» муниципалдык ишкананын жобосун бекитүү жана ишкананын директорун дайындоо жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

2018-жылдын 2-февралы № 39

 “Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын жобосун бекитүү жана ишкананын директорун дайындоо жөнүндө”

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” атындагы муниципалдык ишкананын жобосуна ылайык бекитилсин.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты”атындагы муниципалдык ишкананын директору болуп Өскөнбаев Жакыпбек Маленкулович дайындалсын.

3.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты”атындагы муниципалдык ишкананын документтерин (жобосун, мөөрүн, штампын) даярдоого кетүүчү чыгым Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

5.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков