Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы №7
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча каражат кароо боюнча 01.01.2017-жылга айланма кассалык калдык (оборотные кассовые наличности) 306.2 миң сом өлчөмүндө калгандыктан айылдык кеңештин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндө 01.01.2017-жылга калган калдык 306.2 миң сом өлчөмүндө болгондуктан жалпы суммасы 200.0 миң сом акча каржаты айыл чарбасына 106,2сому билим берүүгө бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшоо үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, фингансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Сатыгулов |