Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 38
Жаңы-Жер айылындагы жайыт жерден 0,10 га жер тилкесинин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы элдерге эрте жазда жана кеч күздө бодо-мал, кой, эчкилерди жайлоого жөнөтүү үчүн короо салуу үчүн жайыт жерден 0,10га жер жер тилкесинин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Дыйкановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылындагы элдерге эрте жазда жана кеч күздѳ бодо-мал, кой, эчкилерди жайлоого жөнөтүү үчүн короо салуу үчүн жайыт жерден 0,10га жер аянтынын категориясын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жайыт жер тилкесинин категориясын (трансформациялоо) которуу үчүн тийиштүү болгон иш-кагаздарын бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |