Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №11
Кыргыз Республикасынын «Жайыттыр жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айылдык кеңеши, Көлдүк айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе анын ичинен жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттарын максатсыз жана натыйжасыз пайдаланса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө жайыт пайдалануучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик оргонына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү
5. Жайыт комитетини жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо макулдашууда бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Көлдүк айыл аймагынын башчысы Караев Советбекке жүктөлөт.
Төрага | Б. Сатыгулов |