Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №12
Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылынын тургуну Арзыбаев Токтосундун жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитип берүү боюнча арызынын негизинде Көлдүк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылынын тургуну Арзыбаев Токтосундун жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасы бекитилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан (Н. Абдыкаримов) курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн турак жай боюнча башкы адистерине милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Сатыгулов |