Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №14
Көлдүк айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын күн тартибиндеги Шамал-Терек айылынын тургуну 1978-жылы туулган Шерматов Токтомамат мал сарайын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүтүрүү боюнча маселесин угуп жана талкуулап Көлдүк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы калктуу конуштар жашап жаткан Шамал-Терек участкасынын тургуну 1978-жылы туулган Шерматов Токтомамат мал сарайын айылдын башкы планына кошуу жагы Өзгөн райондук архитектурасынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көлдүк айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси А.Бопоевке милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Сатыгулов |