Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 39
Жаңы-Жер айылындагы жайыт жерден 0,15 га жер тилкесинин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы “Ак-Чечек” кичи цехинин жанынан жайыт жерден 0,15га жер тилкесинин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылындагы элдерге “Ак-Чечек” кичи цехинин жанынан мѳмѳ-жемиштерди сактоочу муздаткыч куруу үчүн жайыт жерден 0,15га жер тилкесинин категориясын ѳзгѳртүүгѳ (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жайыт жер тилкесинин категориясын (трансформациялоо) которуу үчүн тийиштүү болгон иш-кагаздарын бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |