Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы №2
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Кабылан-Көл Талдык жолу «Муниципалдык жолдор категориясынан» «Жалпы пайдалануудагы жолдор категориясына» которулуп, кайра курулушу башталганына байланыштуу Алгабас айылынан Алай районунун чегине чейин (1,8 км) жолдун ордун 4,68 га жерди «Ош-Сары-Таш-Эркештам» авто жол башкармалыгынын Алай ДЭП-959 ишканасына чектеп өткөрүп берүү максатында Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн Алай районунун чек арасына чейин (1,8 км) жолдун ордун 4,68 га жерди «Ош-Сары-Таш-Эркештам» авто жол башкармалыгынын Алай ДЭП-959 ишканасына чектеп өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жердин юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | А. Миңбаева |