Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-январы №1
Депутаттар талапкер Сурапбаев Нурдиндин айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо үчүн - “Бюллетендерге ашыкча коюлган белгилер жөнүндөгү”сунушун карап жана талкуулап чыгып, шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү максатында Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюллетендерге ашыкча белгилер (точка, ручканын сыясы, чекелери бүктөлсө ж.б.) коюлганы аныкталса бюллетендер жараксыз деп табылсын.
2. Бюллетендерге ашыкча белгилер коюлганын аныктоо талапкерлердин катышуусунда жүргүзүлсүн.
Төрайым | А. Миңбаева |