Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-январы №2
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын добуштарды эсептөө боюнча жыйынтыгын талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесинин талаптарына ылайык жана Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-январындагы “Кашкар-Кыштак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү” № 2 протоколунун негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесинин талаптарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо боюнча Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын добуштарды эсептөө боюнча протоколдору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесинин талаптарына ылайык Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-январындагы “Кашкар-Кыштак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү” № 2 протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна Акунбеков Абдикамилжан Батирович шайланды деп эсептелсин.
3. Шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдун 1 нускасы Борбордук шайлоо комиссиясына БШКнын сайтына жайгаштыруу үчүн, экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрине жөнөтүлсүн жана көчүрмөлөрү айылдык кеңешке, добуш берүүчү жайдагы бардык катышуучуларга алардын талаптары боюнча берилсин.
Төрайым | А. Миңбаева |