Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 40
Жаңы-Жер айылына Дарыкана куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы элдердин медициналык жактан муктаждыгын чечүү үчүн социалдык обьектилерге калтырылган жерден Дарыкана куруу үчүн 0,03га жер тилкесинин бѳлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылындагы элдердин медициналык жактан муктаждыгын чечүү максатында социалдык объектилерге калтырылган жерден Дарыкана куруу үчүн 0,03га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Дарыкана куруу үчүн 0,03га жер тилкесин бөлүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Дара айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |