Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы №3
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, карап чыгып Арал айылдык кеңешинин ХХ -чакырылышынын VI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагына караштуу Чертек Сай айылындагы таш заводдун жанындагы
подстанцияны суу басканына байланыштуу таразанын жанынан 12 кв.м жер берилип, подстанция жылдырылсын.
2. Подстанцияны жылдырып берүү Ноокен РЭСтен суралсын.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөттүн башчысы Б.Мамадалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө архитектура, транспорт, экология жана коммуналдык чарба боюнча комиссиянын төрагасы Т.Оморовко милдеттендирилсин.
Арал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Б. Мамадалиева |