АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну №2
2018-2020-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Арал айылдык Кеңешинин ХХ- чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы , Арал айыл Өкмөтүнүн ФЭБ болүмүнүн башчысы Ж.Акматалиев Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин 2018-2019-2020-жылдарга угузган болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап , “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2019-2020-жылдарга карата Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын .
2. Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбору бекитилсин.
3. 2018-2019-2020-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин “Бюджетин, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Арал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Б. Мамадалиева |