Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-июлу №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОго” негиз, Жалал-Абад областтык жарандык коргонуу комиссиясынын 2017-жылдын 3-июлундагы № 4 протоколун негизинде
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХ-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
IХ-СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областтык жарандык коргонуу комиссиясынын 2017-жылдын 3-июлундагы № 4 протоколу аткарууга алынсын.
2. Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнү, Арал айыл кеңешинин жер жана турак жай боюнча комиссиясы жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзсүн .
3. Токтомдун аткарылышын Арал айыл кеңешинин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго тапшырылсын.
Арал айылдык кеңешинин төрайымынын милдетин аткаруучу | Б. Мамадалиева |