Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 41
Дара айыл аймагына кичи ГЭСтерди курууга уруксат берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылынын жанындагы Сох (Кѳк дарыя) дарыясына кичи ГЭСтерди куруу боюнча айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсү жана Дара айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 24-апрелиндеги №1- токтомунун негизинде Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылынын жанындагы Сох (Кѳк дарыя) дарыясына “DATT Energy” ЖЧКсына кичи ГЭС курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |