Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-сентябры №8
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017- жылдын кезексиз 8-сессиясы Урмарал орто мепктебинин директору Д.Соронкуловдун кайрылуусун угуп,карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Урмарал орто мектебинин алдындагы мектепке көлөкө түшүргөн сосналарды жана куурап калган кара жыгачтарды кесүүгө макулдук берилсин.
2. Урмарал орто мектептин директору Д.Соронкулов КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөну коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан сосналарды жана куураган кара жыгачтарды кесүүгө макулдук суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Н.Шабдановго жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р. Рысматов |