Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-сентябры №9
Акназаров айылдык Кеңешинин 31 чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 5-сентябрындагы кезексиз 8- сессиясында Алтынкыз-Токтобу атындагы балдар бакчасынын директорунун кайрылуусун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Алтынкыз-Токтобу атындагы балдар бакчасына кошумча 20 орундуу 1 тайпа ачылсын.
2. Тайпаларды ачып, иштетуу жоопкерчилиги балдар бакчасынын директору Алманбет к.Гулназга милдеттендирилсин.
3. Бөлүм башчы А.Кенебаевага тамак ашына акча каражатын бөлүп берүү жагы жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык комиссиясынын төрагасы А.Момунтаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р. Рысматов |