Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 43
Чек айылынын тургуну Мажилимов Алымжан Кожалиевичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Баткен аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун вирусология секторунун башчысы, Чек айылынын тургуну А.Мажилимовду “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Баткен аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун кызматкерлеринин жалпы чогулушунун 2016-жылдын 10-сентябрындагы № 2- протоколун талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын Чек айылынын тургуну Мажилимов Алымжан Кожалиевичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы М.Зайналовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |