Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели №10
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жазгы айдап себүүгө карата техника акыларын жана жаз-күз мезгилинде мал багуучулардын бада акыларынын бекитилиши боюнча маалыматты айыл тургундары менен өткөн элдик жыйында тааныштырылып айтылган сунуштар эске алынып төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Жазгы жер айдоо: 1га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 2500 сом.
Жер малалоого: 1га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 800 сом.
Тоют ташууга: Аралыгына жараша күйүүчү майы ичинде 500-1000 сомго чейин.
Чөп чабууга:1га жерге күйүүчү майы ичинде,чөп чабуу жана чогултуу кызмат акысы 3000 сом.
2. Жаз-күз маалында бадачыларга малды багып келүү эмгек акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Ири мүйүздүү малга – бир башына 300 сом, тузу ичинде
Кой-эчкилерге – бир башына 60 сом, тузу ичинде
3. Бадачыларга жаз-күз маалында малды тоодон 1-майдан баштап 1-октябрга чейин айылга түшүрбөө жагы эскертилсин.Белгиленген мөөнөтөн мурда бада багуучулар айыл ичине көчүп келсе 1000 сомдон 10000сомго чейин айып пул салынсын. Өндүрүлгөн айып пул малдарды кармап туруучу кароолкананы оӊдоо иштерине жумшалсын.
4. 2017-жылдын апрель айынын аягына чейин жогорудагы баалардан ашпоо үчүн бадачылар, техника ээлери менен келишим түзүп, көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А.Уметалиевке жүктөлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А.Уметалиевке тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы К.Байсопуевке тапшырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |