Редакцияот 13.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VI сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 13-апрели №11

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн суммасы (Республикалык берилүүчү теңдөөчү гранты кошуп эсептегенде) 10373,4 миӊ сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2017-жылга 3731,4 миӊ сомго бекитилсин.

3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат счету 2017-жылга 406,0 миӊ сомго бекитилсин.

4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2017-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1 % өлчөмүндө же 103,0 миӊ сомго белгиленсин.

5. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5- пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.

6. Айылдык Кеӊештин сессиясын уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бюджетте айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын .

7. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Кеӊешине түшкөн арыз, кайрылуу сунуштарды канаттандыруу үчүн бюджетке кошумча каражат табуу(айыл чарба багытындагы жер, аренда ФПС, транспорт) жагы тапшырылып, аны жумшоо бюджет соц. маселелер жана жер комитеттеринин макулдугу менен жумшалсын.

8. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковго жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүсүнө карата сессияларга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.

9. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

10. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов