Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели №15
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айылынын тургундарынын атынан Капалбаев Шайлообектин кайрылуу каты эске алынып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы тозулган жайыт жерлердин салыгынын өлчөмү элдик жыйында талкууга алынып, элдин сунуш-пикирин эске алынуу менен белгиленип бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайытка берилген жерлердин так аянтын тактоо жана чогулган салыктын жумшалышы боюнча келээрки сессияга маалымат берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевке тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |