Редакцияот 13.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VI сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 13-апрели №16

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 21-январындагы №41токтому менен бекитилген “Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4-бөлүмүнө ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 17.02.2017-жылдагы №260 сандуу катынын негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Байкоочу Кеңешке өкүл дайындоо жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 21-январындагы №41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4-бөлүмүнө ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 17.02.2017-жылдагы №260 сандуу катынын негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Байкоочу Кеңешке Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты Мураталиев Нуркалый Жекшеевич өкүл болуп дайындалсын.

2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов