Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели №19
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн территориясынан Токтогул байланыш бөлүмүнүн катынын негизинде Өзгөрүш байланыш түйүнүнө жаңы имарат салууга 0,04га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адис Ж.Өскөнбаевке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |