Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 2
"Ноокат суу канал" ишканасына ЕӨРБ (Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы) менен шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо жана шаарга канализация куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн ЕӨРБ (Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы) тарабынан Евро кредит алууга макулдук берүү жөнүндө
"Ноокат суу канал" ишканасына ЕӨРБ (Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы) менен шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо жана шаарга канализация куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн ЕӨРБ (Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы) тарабынан Евро кредит алууга макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ноокат суу канал" ишканасына ЕӨРБ (Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы) менен шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо жана шаарга канализация куруу долборун ишке ашыруу үчүн ЕӨРБ (Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы) тарабынан Евро кредит алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |