Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу №28
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты Айтмурза уулу Азизбектин кайрылуусу эске алынып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынан чыккан жаш спортчу Эсенбек уулу Амангелдиге Түркменстан Республикасында өтүүчү Азия оюндарынын “Түркмөн” күрөшү боюнча алган жолдомдосунун негизинде күрөшкө катышып келүү үчүн сапар чыгымы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына жана социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссия курамдарына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |