Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 3
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Халдаров атындагы көчөсүнө 400 В трансформатор коюга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Халдаров атындагы көчөсүнө 400 В трансформатор коюга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Халдаров атындагы көчөсүнө 400 В трансформатор коюга 706-бөлүмүнүн 3112-беренесине 400 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |