Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу №32
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аң-Арык, Коңур-Өгүз айылдарынын жашоочуларынын көпүрө курууга каражат бөлүп берүү жөнүндө сунуш-кайрылууларын эске алып, Аң-Арык айылына көпүрө курууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 310520 сом, Коңур-Өгүз айылындагы “Бок басар”каналына көпүрө курууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 250000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |