Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу №33
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Кечүү айылынын тургундарынын өтүнүч каты эске алынып, Таш-Кечүү-Өзгөрүш айылдарын бириктирген жолго 2016-жылы айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен каражат бөлүнүп, иш башталып каражаттын жетишсиздигинен толук бүтпөй туруп калган жолго айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 100000 сом каражат бөлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |