Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу №37
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты Б.Табалдиевдин кайрылуусу эске алынып, Камыш-Башы айылындагы Ж.Чаргынов атындагы орто мектебине жаңы курулуп бүткөн күрөш залына маркум Толумбеков Нуржакыптын ысымын берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссия төрагасы Айытмурза уу Азизбекке тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |