Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу №38
Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Өскөнбаев Жакыпбек Маленкуловичке Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак граматасына көрсөтүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 03.07.2017-жылдагы №10 токтомунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Өскөнбаев Жакыпбек Маленкуловичке Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак граматасына сунушталсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл Өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Өскөнбаев Жакыпбек Маленкуловичти Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак граматасына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А.Уметалиевке тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | М. Нуржакыпов |