НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 7-декабры № 4
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2016-жылдын 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен төмөндөгүлөргө ажыратылып берилсин:
- Ноокат шаарынын аймагындагы 2016-жылы кылынган иштердин технодзор кызматына 706-бөлүмдүн 2215-беренесине 15 000 сом;
- Ноокат шаарынын аймагындагы Ленин көчөсүнө лоток жасоо үчүн смета даярдоого 706-бөлүмдүн 2215-беренесине 11 800 сом;
- Ноокат шаар мэриясынын 3 кабатындагы мансардды сметасы жана чиймелерин даярдоого 701-бөлүмдүн 3111-беренесине 50 миң сом;
- Ноокат шаар мэриясы имаратынын айланасына асфальт басуу үчүн түзүлгөн смета кызматына 5 360 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |