Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 5
Ноокат райондук сотунун 2016-жылдын 3-августундагы чечиминин негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат райондук сотунун 2016-жылдын 3-августундагы №ГД-1273-16-05 чечиминин негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук сотунун 2016-жылдын 3-августундагы чечиминин аткарууга 190 589,58 (бир жүз токсон миң беш жүз сексен тогуз сом 58 тыйын) акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |