Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 6
Ноокат шаар мэриясынын имаратынын айланасын асфальттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын имаратынын айланасын асфальттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын имаратынын айланасын асфальттоого 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 451 900 сом Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |