Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 7
Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрүнө түнкү жарыткычтар (свительниктер) орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрүнө түнкү жарыткычтар орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатынын эсебинен төмөндөгүлөргө ажыратылып берилсин.
- Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак айылындагы Жамий, Т.Кадирбаев атындагы жана Кара-Турпак көчөлөрүнө түнкү жарыткычтар (свительниктер) орнотууга 706-бөлүмдүн 3112-беренесине 259 900 сом;
- Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак айылындагы Хожам-Кары атындагы көчөсүнө түнкү жарыткычтар (свительниктер) орнотууга 706-бөлүмдүн 3112-беренесине 80 000 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |