Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 7-декабры № 9
Тарых жана маданият жылына карата Мырза Гапаров жана Камбаралы Бобуловтун айкелин Ноокат шаарындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багына орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Тарых жана маданият жылына карата Мырза Гапаров жана Камбаралы Бобуловтун айкелин Ноокат шаарындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багына орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тарых жана маданият жылына карата Мырза Гапаров жана Камбаралы Бобуловтун айкелин Ноокат шаарындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багына орнотуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 50 000 (элуу миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |