НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 7-декабры № 11
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатынын эсебинен төмөндөгүлөргө ажыратылып берилсин.
-Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин жылытуу отканасынын толугу менен ремонттоо үчүн 706-бөлүмдүн 2221-беренесине 47 100 сом;
-Ноокат шаарына караштуу "Балапан" балдар бакчасына жаны ажааткана куруу үчүн сметанын негизинде керектелүүчү 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 100 000 (бир жүз миң) сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине А.Абуваитов атындагы орто мектептин жылытуу отканасына насос сатып алуу үчүн 706-бөлүмдүн 3112-беренесине 70 000 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы орто мектебинин ашканасын Азык-Түлүк программасы боюнча ремонттон өткөрүү үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 300 000 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы А. Абдуваитов атындагы орто мектебинин ашканасына эмеректер сатып алуу үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 221 205 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы № 4 "Кара-Турпак" балдар бакчасына ремонтто иштери үчүн 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 59 300 сом;
-Ноокат шаарында 2017 жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу максатында маданият үйүнүн алдындагы борбордук аянтка жаны жылдык балаты сатып келип, орнотуу, айланасына жана башкы сахнага банер, лозунгдарды илүү үчүн 706-бөлүмдүн 2215-беренесине 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |