Редакцияот 07.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы

 

2016-жылдын 7-декабры № 12

Референдум өткөрүүгө эмеректерди сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Референдум өткөрүүгө эмеректерди сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Референдум өткөрүү үчүн эмеректерди сатып алуу үчүн 200 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров