Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 13
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абувоитов атындагы орто мектебине радиаторлорду сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абувоитов атындагы орто мектебине радиаторлорду сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абувоитов атындагы орто мектебине радиаторлорду сатып алуу үчүн, 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 300 000 сом Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жылдын ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |