Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 14
Ноокат шаарынын аймагындагы Ташлак кварталына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Ташлак кварталына балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Ташлак кварталынын тургундарынын 2016-жылдын 8-апрелиндеги чогулушунун чечиминин негизинде туруктуу комиссиянын чечими менен таанышып, шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин-иштери миграция маселелери боюнча туруктуу космиссиясынын отурумунун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Ташлак кварталына "Растишка" балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаныдан ачылган балдар бакчасын юридикалык каттоодон өткөрүү, имараттын ээси менен келишим түзүү жагы Ноокат шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Балдар бакчасын акча менен каржылоо боюнча республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин-иштери миграция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |